Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Өлкө аймагында сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жана сасык тумоонун алдын алуу чараларын сактоого чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, колду самындап үзгүлтүксүз жуу, бөлмөлөрдү желдетүү, нымдуу тазалоо жүргүзүү жана адамдар көп чогулган жерлерде медициналык беткап колдонуу сунушталат.
Ошондой эле оорунун белгилери пайда болгондо үйдө калып, өз убагында медициналык жардамга кайрылуу керек. КРВИ менен ооруган балдарды айыкканга чейин мектепке жана бала бакчага жибербөө зарыл.
Мындан тышкары, балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү максатында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда КРВИ боюнча адистештирилген колл-борборлор иштейт. Ата-энелер балдарында оорунун алгачкы белгилери байкалганда телефон аркылуу консультация алып, кошумча текшерүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгы боюнча кеңеш ала алышат.
Министрлик жарандарга сасык тумоого каршы эмдөөдөн өз убагында өтүүнү жана алдын алуу эрежелерин сактоону сунуштайт.