Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2-ноябрдан 11-ноябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун 10 миң 900 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 4,4%га, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.
Ооругандардын жалпы санынын 71,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Бул 7 миң 752 учурду түзгөн.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында эпидемиологиялык көзөмөл уланууда. Лабораториялык мониторингдин жыйынтыгында алынган 464 үлгүнүн 9,7%ы оң болуп, 55 учур аныкталган.
Өлкөдө ар кандай респиратордук вирустар таралууда. Алардын ичинен риновирустар 47,3%ды, парагрипп вирустары 22,2%ды, аденовирустар 13,3%ды, сезондук коронавирус 9,9%ды, бокавирустар 5,8%ды түзөт. Калган 1,5%ы башка вирустарга туура келет.