Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусундагы пилоттук медициналык уюмдарда жаңыланган Мамлекеттик кепилдиктер программасын (МКП) ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө.
Ведомствонун маалыматына ылайык, калкка медициналык кызматтардын кайсынысы акысыз көрсөтүлөрү, кайсы учурда кошумча төлөм алынары жана жарандар өз укуктарын коргоо үчүн кайда кайрылышы керектиги түшүндүрүлөт.
Бул үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү биргелешип маалыматтык материалдарды даярдап, медицина кызматкерлеринин билимин жогорулатуу иштерин жүргүзүүдө.
Жаңыланган программанын шарттары медициналык жардам алуу үчүн кайрылган ар бир жаранга түшүнүктүү болушу максатталууда.