Садыр Жапаров: Ооруларды эрте аныктоого басым жасалат

Президент
Садыр Жапаров: Ооруларды эрте аныктоого басым жасалат
copyright icon WWW

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандардын жашаган жерине карабастан медициналык жардам алуусун камсыз кылуу жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо иштери улантылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, медициналык кызматтын сапаты эл аралык стандарттарга ылайык жогорулатылып, тармакка инновациялар жана санариптик технологиялар кеңири киргизилет.

"Ошондой эле оорулардын алдын алууга, аларды эрте аныктоого, медициналык кадрлардын потенциалын чыңдоого жана саламаттык сактоо мекемелеринин инфратүзүмүн жакшыртууга көңүл бурулат", - деди өлкө башчысы.

Президент тез жардам кызматы өлкөнүн бардык аймактарында ыкчам иштеп, ооруканалар заманбап жабдуулар жана квалификациялуу медициналык адистер менен камсыз болорун белгиледи.