Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. 80 жыл – бул “Клиникалык оорукана” мекемесинин тарыхындагы жөн гана дата эмес, бул жерде эмгектенген бир нече муун дарыгерлердин, медайымдардын, санитарлардын жана күнү-түнү бейтаптардын жанында болгон бардык медицина кызматкерлеринин өмүр жолу. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Клиникалык оорукананын” 80 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, бул жылдардын артында миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калуу, ден соолугун калыбына келтирүү жана миңдеген үй-бүлөлөрдүн ден соолугуна кам көрүү өңдүү чоң эмгек турат.
“Бүгүн бул залда отурган ардагерлерге өзгөчө кайрылгым келет. Дал ушул сиздер оорукананын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген бекем салттарынын пайдубалын түптөдүңүздөр. Сиздердин тажрыйбаңыздар, кесипке болгон берилгендигиңиздер жана тарбиялап өстүргөн шакирттериңиздер – жабдуулар же имараттар менен өлчөөгө мүмкүн болбогон эң баалуу мурас. Сиздерге чоң рахмат!
Бүгүнкү майрамда дагы бир символикалуу дал келүү бар. Сиздердин оорукананын тарыхы башталган ошол эле жылдары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Уставы кабыл алынган. Быйыл ага да 80 жыл толот. Уставга 1946-жылдын июль айында кол коюлган. Уставда биринчи жолу ар бир адам ден соолуктун мүмкүн болгон эң жогорку деңгээлине жетүүгө укуктуу экени анын негизги укуктарынын бири катары бекитилген. Арадан 80 жыл өтсө да, бул принцип Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ишинин негизги багыты бойдон калууда”, - деди ДССУ өкүлү.
Ливиу Ведраско ушул принциптин негизинде үч маанилүү багытты өзгөчө белгилеп өттү:
“Биринчиси – медициналык жардамдын сапаты жана коопсуздугу. Ар бир бейтап дарылануу ага пайда алып келип, зыян келтирбейт деп ишенүүгө укуктуу. Илимий далилдерге негизделген стандарттарды колдонуу, коопсуздук маданиятын калыптандыруу жана кетирилген каталарды ачык талдоо – медициналык мекеменин ишинин жетилгендигинин белгиси.
Экинчиси, албетте, – адамдар. Күчтүү саламаттык сактоо системасы медициналык кызматкерлерден башталат. Алардын билими, эмгек шарттары жана үзгүлтүксүз билим алуусу – мамлекет жасай ала турган эң маанилүү салымдардын бири. Кыргызстан бул багытта ырааттуу иш алып барууда.
Үчүнчүсү – калктын саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтылышы. Сиздер сыяктуу алдыңкы клиникалардын тажрыйбасы жана компетенциясы бүтүндөй саламаттык сактоо системасынын өнүгүшүнө кызмат кылышы керек. Бул адистерди окутуу, тажрыйба алмашуу, бирдиктүү стандарттарды жана электрондук медициналык жазууларды камтыган санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу ишке ашат. Ошондо медициналык жардамдын жогорку деңгээли өлкөнүн ар бир жараны үчүн жеткиликтүү болот”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле сөзүнүн соңунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан менен өнөктөштүктү жогору баалай турганын жана мындан ары да бул аракеттерди биргелешип колдоого даяр экендигин билдирип, оорукананын кызматкерлерин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады.