Нарында 350 орундуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалууда

Ден соолук

Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагында 350 орундуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фонду 10 млн кувейт динар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт.

Министр Дамир Осмонов аталган фонддун делегациясы менен жолугуп, "Саламаттык сактоонун туруктуу секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу маселелерин талкуулады.

"20-22-ноябрда фонддун өкүлдөрү Нарын облусуна барып, оорукана курула турган жер менен таанышып, тиешелүү адистер менен жолугушат", - деп айтылат маалыматта.

Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчилиги алдында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда ишке ашырылат. Жаңы оорукананын курулушу аймактагы медициналык кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.