Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда.
Ведомстводон билдиришкендей, эл аралык жыйын 29–31-октябрь күндөрү өтүп, анын башкы темасы "Түрк медициналык дүйнөсүндөгү натыйжалуу саламаттык сактоо: глобалдык коркунучтарга туруктуу саламаттык сактоо системалары" деп аталат.
Министр өз сөзүндө Кыргызстан медициналык билим берүү, илимий изилдөөлөр, телемедицина жана санариптик саламаттык сактоо багыттарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Ошондой эле университеттер менен клиникалардын ортосунда түз байланыштарды түзүү, академиялык алмашууларды уюштуруу маанилүү экенин айтты.