Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун базасында курулган вакциналарды сактоочу кампанын мааниси тууралуу айтып берди.
Министрдин айтымында, вакциналар ар кандай оорулардын алдын алууда чоң мааниге ээ. Алардын жардамы менен олуттуу каржылык чыгымдарга алып келиши жана мамлекетке жүк жаратышы мүмкүн болгон кооптуу оорулардын алдын алууга болот.
"Вакциналарды сактоодо эң негизгиси – муздак чынжырды сактоо. Эл аралык стандарттарга жооп берген кампанын болушу дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдөн эң сапаттуу вакциналарды сатып алууга мүмкүндүк берет. Анткени алардын муздак чынжырды сактоо боюнча белгилүү талаптары бар", – деди министр.
Ал буга чейин Бишкек үчүн вакциналар башка кампада сакталганын белгиледи. Жаңы объект борбор калаага керектүү вакциналарды сактоого ылайыкталган.
Дамир Осмонов кампаны куруу иштери июль айында башталып, ноябрда аяктаганын кошумчалады.