Баланын ден соолугун коргоодо эмдөөнүн орду чоң. Ал бир катар жугуштуу оорулардын алдын алып, алардын оор өтүү жана олуттуу кесепеттерге алып келүү коркунучун азайтат. Ошол эле учурда эмдөө жеке адамды гана эмес, жалпы коомду да коргоого жардам берет. Вакциналардын мааниси, коопсуздугу жана ата-энелер арасында кеңири тараган суроолор тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун дарыгер-эпидемиологу Нуржан Замирбекова “Кабар” агенттигине айтып берди.

— Баланын ден соолугу үчүн эмдөө канчалык маанилүү? Ал эмне үчүн керек? Эмдөөдөн өтпөгөн балдар кандай жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучуна туш болушат?
— Баланы эмдөө — анын ден соолугун коргоонун эң натыйжалуу, илимий жактан далилденген жолдорунун бири. Вакцина алгандан кийин баланын организминде бир катар жугуштуу ооруларга каршы иммунитет калыптанат.
Вакцина алгандан кийин организмде антителолор пайда болуп, иммундук система ошол инфекцияларды таанып, аларга каршы күрөшүүгө даяр болот. Айрым учурларда эмделген бала инфекцияны жуктуруп алышы мүмкүн. Бирок мындай учурда оорунун жеңилирээк өтүшүнө жана олуттуу татаалдашуулардын алдын алууга жардам берет.
Эмдөөнүн негизги максаттарынын бири — балдарды келечекте коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоо. Анткени айрым инфекциялар оор өтүп, ар кандай татаалдашууларга алып келиши мүмкүн. Мисалы, кызамык пневмонияга, панэнцефалитке, угуу жана көрүү органдарынын жабыркашына себеп болушу ыктымал. Мындай оор кесепеттер баланын майып болуп калышына да алып келиши мүмкүн.
Дагы бир маанилүү максаты — өлүм коркунучун азайтуу. Ошондой эле жугуштуу оорулардын калк арасында кеңири жайылышына бөгөт коюу, эпидемиялардын алдын алуу жана инфекциянын таралышын көзөмөлдөө болуп саналат.
— Эмдөө жеке баланын гана эмес, жалпы коомдун саламаттыгын сактоодо да маанилүү экени айтылып келет. Бул жерде жамааттык иммунитеттин ролу кандай?
— Эмдөөгө медициналык себептерден улам мүмкүнчүлүгү жок адамдар болот. Мисалы, айрым оорулары бар же иммунитети начар адамдарга вакцина алууга убактылуу же туруктуу каршы көрсөтмөлөр болушу мүмкүн. Мындай адамдарды жамааттык иммунитет коргойт.
Мисалы, мектепте, бала бакчада же кайсы бир мекемеде адамдардын көпчүлүгү эмдөөдөн өткөн болсо, инфекциянын жайылуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Натыйжада эмдөөгө каршы көрсөтмөсү бар адамдар да инфекциядан корголот. Ошондой эле эпидемиялардын алдын алууга шарт түзүлөт.
Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан полиомиелиттен (шал) эркин өлкө катары эсептелет. Буга чейин дифтерия, столбняк (селейме) оорулары катталчу эмес. Акыркы мезгилде эмдөө менен камтуу деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу айрым инфекциялардын кайра жайылуу коркунучу жаралууда. Столбняк катталып, дифтерияга шектелген учурлар болуп жатат.
Кызамык 2023-жылдан тарта жүрүп келүүдө. Коронавирус пандемиясынан кийин эмдөө менен камтуу көрсөткүчү төмөндөп кеткен. Эмдөө деңгээли жетишсиз болгон учурда мурда көзөмөлгө алынган инфекциялар кайрадан жайыла башташы мүмкүн. Учурда кызамык оорусунун алдын алуу боюнча да иштер активдүү жүргүзүлүүдө.
Демек, эмдөө балдарды гана эмес, жалпы коомдун саламаттыгын коргоо үчүн мамлекеттик жана дүйнөлүк деңгээлде маанилүү.
— Кыргызстанда балдар кайсы жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн өтүшөт?
Эмдөө календарына ылайык, Кыргызстанда 13 инфекцияга каршы профилактикалык эмдөө жүргүзүлөт. Балдар төрөлгөндө кургак учукка каршы БЦЖ жана вирустук гепатит Вга каршы вакциналар берилет.
Андан кийин пентавакцина, көкжөтөл, кептөөр, столбняк инфекциясына жана гемофилдик инфекция, полиомиелит (шал оорусу), пневмококк инфекциясы жана ротавирус каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле балдар кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы эмделишет.
2022-жылдан тартып адамдын папиллома вирусуна (HPV) каршы вакцина да киргизилген. Ал 11 жаштагы кыздарга жүргүзүлөт. Жалпысынан эмдөө календары 13 инфекциянын алдын алууга багытталган.
— Айрым ата-энелер балдарына эмдөө жасалгандан кийин аутизм, церебралдык шал оорусу, эпилепсия, психикалык өнүгүүнүн артта калышы сыяктуу көйгөйлөр байкалганын айтышат. Бул пикирлер канчалык негиздүү? Эмдөөнүн мындай ооруларга себептик байланышы барбы же бул жөн гана дал келүүбү?
— Бул көрүнүштөр эмдөөдөн кийин байкалганы менен, алардын ортосунда сөзсүз себептик байланыш бар дегенди билдирбейт. Көп учурда бул убакыт жагынан дал келүү болуп эсептелет.
Себеби вакциналардын көбү баланын бир жашка чейинки мезгилинде берилет. Тактап айтканда, төрөлгөндө, эки айында, үч жарым айында, беш жарым айында, тогуз айында жана бир жашында эмдөөлөр жүргүзүлөт. Ал эми аталган оорулардын айрым белгилери бир жаштан кийин, көбүнчө эки жаштан беш жашка чейинки мезгилде байкала баштайт.
Мисалы, бала бир жашка чейин толук сүйлөй элек болгондуктан, анын сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүүсүндөгү кечигүүнү дароо аныктоо кыйын. Ошондой эле айрым кыймыл-аракет жана психологиялык өнүгүү өзгөчөлүктөрү да убакыттын өтүшү менен билинет. Ошондуктан эмдөөдөн кийин белгилердин байкалышы алардын вакцинадан улам пайда болгонун далилдебейт.
Эмдөөнүн алдында баланын ден соолугу үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан текшерилет. Анын дене табы өлчөнүп, жүрөгү жана өпкөсү угулат, тамагы каралат. Дарыгер баланын жалпы абалын баалап, эмдөөгө уруксат берет. Эгер каршы көрсөтмөлөр болсо, эмдөө жүргүзүлбөйт же белгилүү бир убакытка жылдырылат.
Бирок айрым учурларда баланын ден соолугундагы көйгөй байкалбай калып, эмдөө жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда эмдөөдөн кийин оорунун белгилери билинип же күчөп кеткендей сезилиши мүмкүн. Ошондой эле вакцинадан кийин күтүлүүчү реакциялар жана олуттуу жагымсыз көрүнүштөр болушу ыктымал.
Мындай учурларды иликтөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде атайын эксперттик комиссия иштейт. Эгер эмдөөдөн кийин олуттуу жагымсыз көрүнүш катталса, комиссия аны иликтеп, анын вакцина менен байланышы бар-жогун аныктайт. Бул иштер атайын бекитилген тартиптин жана нускамалардын негизинде жүргүзүлөт.
— Кыргызстанга вакциналар кайсы өлкөлөрдөн жана кандай жолдор менен жеткирилет? Алардын сапаты жана коопсуздугу эл аралык стандарттарга жооп берери кантип текшерилет?
— Кыргызстанга келген ар бир вакцина тиешелүү көзөмөлдөн өтөт. Алардын өндүрүүчүлөрүндө эл аралык талаптарга жооп берген GMP (Good Manufacturing Practice) сертификаты болушу керек. Вакциналар өлкөгө ЮНИСЕФ жана GAVI (Вакциналарды жана эмдөөнү глобалдык альянс) аркылуу жеткирилет.
Өлкөгө алып келинген вакциналар алгач Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан текшерилет. Андан кийин гана борбордук кампага кабыл алынып, аймактарга таратылат.
Вакциналарды ташуу жана сактоо атайын бекитилген жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт. Алар муздаткыч жабдуулары менен камсыздалган атайын рефрижератордук унааларда ташылат. Бул учурда температуралык режимдин сакталышы тыкыр көзөмөлгө алынат.
Мындан тышкары, ар бир вакцинанын флаконунда термоиндикатор болот. Ал температуранын өзгөрүшүнө жараша түсүн өзгөртүп, вакцинанын жылуулуктун таасирине кабылган-кабылбаганын көрсөтөт. Бул анын сапатын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Вакциналардын сапаты жана коопсуздугу Саламаттык сактоо министрлиги, тиешелүү департамент жана биздин борбор тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүп турат.