Энелерге эскертүү: Кыздардын гигиенасында эмнени билүү маанилүү?

Ден соолук
Энелерге эскертүү: Кыздардын гигиенасында эмнени билүү маанилүү?
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26 /Кабар/. Бишкектеги Ден соолукту чыңдоо борборунун адистери кыздардын интимдик гигиенасын сактоонун негизги эрежелери, бала кезинен туура кам көрүү жана кайсы учурларда дарыгерге кайрылуу керектиги тууралуу айтып беришти.

Борбордун маалыматына караганда, интимдик ден соолукка кам көрүү үчүн татаал процедуралардын же атайын каражаттардын кереги жок. Тескерисинче, ашыкча гигиена сактоо жана текшерилбеген каражаттарды колдонуу назик терини жана былжыр челди дүүлүктүрүшү мүмкүн.

Адистер төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоону сунушташат:

  • Сырткы жыныс органдарын тазалоо үчүн жылуу суу жетиштүү. Ичин жууп-тазалоонун кереги жок.
  • Эгер жыпар жыттуу гель, спрей жана ванна көбүктөрү дүүлүктүрсө, аларды колдонуудан баш тартуу керек. Айрыкча кичинекей кыздар үчүн курамында күчтүү химиялык заттар бар каражаттарды колдонбоо маанилүү.
  • Ич кийимди күн сайын жана кирдеген сайын алмаштыруу зарыл. Терини сүргүлөбөгөн, ыңгайсыздык жаратпаган ич кийимди тандаган оң.
  • Кыздарды даараттан кийин алдынан артына карай сүртүнүүгө үйрөтүү керек. Бул ичегидеги бактериялардын сырткы жыныс органдарына өтүү коркунучун азайтат.

Ошондой эле борбордун адистери кычышуу, ачышуу, заара кылганда оорутуу, адаттан тыш бөлүнүп чыгуулар же кызаруу байкалса, өз алдынча дарыланбоону эскертишти. Мындай учурларда педиатрга же балдар гинекологуна кайрылуу зарыл.

Адистер кыздар менен гигиена тууралуу уялтпай, коркутпай, жайдары сүйлөшүү маанилүү экенин белгилешти. Өз денесин таанып, анын муктаждыктарын түшүнүү бала кезинен тартып ден соолукка кам көрүүгө жардам берет.