Бишкектеги жаңы кампада 200 миң доза вакцина сактоого болот

Ден соолук
Бишкектеги жаңы кампада 200 миң доза вакцина сактоого болот
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Бишкекте ачылган вакциналарды сактоочу жаңы кампа бир убакта сакталуучу вакциналардын көлөмүн 14-20 миң дозадан 200 миң дозага чейин көбөйтүүгө, ташуу чыгымдарын кыскартууга жана препараттарды сактоонун заманбап талаптарын камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин борбордун 2020-жылы курулган чакан кампасы болгон. Вакциналар зарылчылыкка жараша үй-бүлөлүк медицина борборлорунун өтүнмөлөрүнүн негизинде Республикалык иммунопрофилактика борборунун базасынан алып келинчү.

"Мурда биз 14 же 20 миң доза вакцина алып келип, бөлүштүрчүбүз. Азыр 200 миң дозага чейин алып келип, ушул жерде сактап, зарылчылыкка жараша бөлүштүрө алабыз. Бул ташуу чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет. Вакциналардын аз-аздан партиясын алуу үчүн улам каттагандын ордуна, бир жолу көп көлөмдө алып келип, кампада сактоого болот", - деп түшүндүрдү ал.

Кундашев жаңы кампа оң жана терс температуралык режимдери бар муздаткычтар менен жабдылганын кошумчалады. Ошондой эле имараттагы керектүү температураны кармап туруучу кондиционер системасы орнотулган.

"Бул Бишкек шаарынын калкынын санынын көбөйүшүнө жана аймагынын кеңейишине байланыштуу өзгөчө актуалдуу", - деди башкы дарыгер.