Баткенде миграциядан кайткан 23 жаран ишкердик үчүн кайтарымсыз каражат алууда

Аймак 02 Апрель 2025 15:53
488251812_1200662884760498_5656331923417331622_n.jpg
488629203_1200662991427154_3389072649281238381_n.jpg
488187589_1200663018093818_890845928056340949_n.jpg
488236054_1200663218093798_6171155675195136782_n.jpg
488314641_1200663108093809_2347907538128487125_n.jpg
488371982_1200663201427133_5611180477933428741_n.jpg
488392993_1200663131427140_8848807748224277226_n.jpg
488431397_1200662908093829_1842407283547565603_n.jpg
488475310_1200662904760496_1526567396170631684_n.jpg
488600807_1200663088093811_862002603843253970_n.jpg
488686611_1200662988093821_3404835288903862916_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Баткенде миграциядан кайткан 23 жаран ишкердик үчүн грант алууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Каражат Эл аралык миграция уюумунун “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоорунун алкагында "1+1" программасы менен берилүүдө.

Аталган долбоордун алкагында, чет мамлекеттерде миграцияда жүрүп, мекенине кайткан жарандарды, туруктуу жумуш орду менен камсыздап, мекенинде киреше табуу менен аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу аракеттери колдоого алынган.

Долбоордон грант алган жарандар учурда бал өндүрүү, кондитердик азыктарды даярдоо, кофейня ачуу, тигүү цехин ачуу, мончо ачуу, курулуш шаймандарын ижарага берүү, күнөскана иштетүү, үй эмеректерин жасоо, унаа жуучу жай ачуу, дүкөн ачуу сыяктуу чакан ишкердикти баштоодо.

Бул багытта аткарылып жаткан иштерди байкоо, демилгелерди өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында атайын жыйын өтүп, ага Баткенден президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиева менен долбоордун жеңүүчүлөрү катышты.

Жыйында долбоор жетекчилери менен долбоордун жеңүүчүлөрү алгач ирет Баткенде ишке ашырылган долбоордун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Белгилей кетсек, Баткен облусу Кыргызстанда миграция күч аймак болуп саналат. Учурда облустун 37 миңдей тургуну ички жан сырткы миграцияда жүрөт.

Мындан улам Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен Баткенде Молдова мамлекетинин мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча тажрыйбасы ишке ашырылууда.

Бул багытта президентитин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын үч кызматкери Молдова мамлекетинде тажрыйба алмашып келди. Алдыда бул багытта Эл аралык миграция уюму тарабынан мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, дагы башка долбоорлорду колдоо боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.