Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө аларды окутууга, рыноктун талабын изилдөөгө жана өндүрүштү кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу Демилгелүү ишкер аялдар фондунун директору Авазкан Ормонова Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнүнө карата өтүп жаткан иш-чарада билдирди.
Директор белгилегендей, мыйзамга “аял ишкердүүлүгү” түшүнүгү киргизилгенден кийин көптөгөн шарттар түзүлө баштады.
“Биринчиден биздин фонд тарабынан ишкердүүлүктү баштайм деп жаткан айымдарга бүгүнкү күндө рынокто кандай товар керек же кандай кызмат керек экендиги изилденип, ал кайсы районго же кайсы локацияга тиешелүү экендиги түшүндүрүлөт. Себеби, өзүнүн жөндөмүнө жараша бизнес баштай турган болсо, ал кардарларды топтой албай калышы мүмкүн. Мына ошол себептен аялдар менен аталган бизнес чынжырчасын түзүүгө жардам беребиз. Себеби, бул изилдөө жана окутуу, алардын өзүнүн дареметин көтөрүү болуп саналат. Бизнес чөйрөсүндө атаандаштык аябай күчтүү болгондуктан, бат эле рыноктон чыгып калуу тобокелчилиги бар.
Биз негизинен Баткен жана Ош облустарындагы ишкер айымдар менен иш алып барабыз. Ошондой эле Анжиян, Наманган, Фергана өрөөндөрү менен кызматташабыз. Ошондой эле алардын бизнесин андан ары өркүндөтүүгө каражат жагынан, инвестиция түрүндө, грант түрүндө жардам беребиз.
Бүгүнкү күндө аялдар ишкердүүлүгү абдан күч алды. Мамлекет тарабынан колдоо аябай жакшы. Себеби, канчалык көп жумуш орундары түзүлгөн сайын, салык түрүндө кайра кайтууда. Жумуш орду менен дагы кайтып, миграцияга да таасирин тийгизүүдө.
Мындан тышкары, биздин ишмердүүлүктүн дагы бир өзгөчөлүгү бар. Тактап айтканда, бизнести өнүктүрүүдө "жашыл" экономиканын технологияларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Анын алкагында күн энергиясын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана адамдарга кам көрүү сыяктуу багыттар камтылган. Мындай бизнес социалдык жоопкерчиликке негизделип, инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө да өбөлгө болот.
Ошондой эле жумуш ордун түзүү аркылуу үй-бүлөлөрдү бекемдөө, кошуна мамлекеттер менен кызматташтыкты күчөтүү багытында жумуш алып барылууда. Акыркы жылдары сүт жана эт азыктарын өндүргөн, балчылык жана кол өнөрчүлүк менен алектенген аялдардын саны өсүүдө. Бирок продукцияны ошол бойдон сатуу көп киреше алып келбейт. Ошондуктан бүгүнкү күндө аны кайра иштетүүгө, туура таңгактоого жана жаңы рынокторго чыгарууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Мисалы, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода жүргүзүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Ушул багытта 18-июнда Элеттик аялдардын күнүнө карата эки өлкөнүн аял ишкерлеринин катышуусунда форум өткөрдүк. Анын негизги максаты — аялдар өндүргөн продукцияны кайра иштетүү, талапка ылайык таңгактоо жана сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду”, — деди ал.