Президент жумуш орундарын түзгөн ишкерлерди колдоого чакырды

Президент
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга жумуш орундарын түзгөн ишкерлерди колдоп, алардын маселелерин чечүү үчүн өздөрү аракет кылышы керектигин айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысы Москва районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда Беловодск айылынын тургуну, жоогазын өстүрүү менен алектенген ишкер Голландиядан гүлдүн 1 млн түбүн алып келип өстүрөрүн жана сезон учурунда 200гө жакын адамды жумуш менен камсыздай турганын айтты. Ал ишин кеңейтүү үчүн 50 млн сом жеңилдетилген насыя алууга жардам сурады.

Ишкердин айтымында, банктар насыя берүүдөн баш тартып, 17-18 пайыздык үстөк менен сунуштап жатышат. Ал эми 50 млн сом каржылоо алса, жыл бою иштеп, 200 адамды жумуш менен камсыздоого даяр.

Президент экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковго ишкерге жеңилдетилген насыя алуунун жолун таап берүүнү тапшырды.

"Силер тескерсинче жумуш ордун түзгөндөрдүн аркасынан чуркашыңар керек", - деди Садыр Жапаров.