Президент ишкердин мүлк маселесин мыйзам чегинде кароону тапшырды

Аймак
Президент ишкердин мүлк маселесин мыйзам чегинде кароону тапшырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургуну Жаннат аттуу жеке ишкердин кафе жана мейманканасына байланыштуу мүлк талашын мыйзам чегинде карап, анын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпоону тапшырды.

Ишкердин айтымында, ал 2022-жылы 8 млн сомго сатып алган имаратка каражат салып, биринчи кабатына 200 орундуу тойкана, экинчи кабатына 25 орундуу мейманкана ачкан. Бирок учурда имаратка байланыштуу талаш жаралып, ишкердин мүлккө болгон укугу боюнча маселени көтөрдү.

Президент ишкердин кайрылуусуна жооп берип жатып, ишкерлердин ишин токтотпой, тескерисинче колдоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле өлкө башчысы тиешелүү органдарга маселени мыйзам чегинде кароону жана ишкердин ишине тоскоолдук жаратпоону тапшырды.