Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районундагы 1 миң гектар кайракы жерге суу жеткирүү маселеси каралууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда айтылды.
Каргалык айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Өмүракунов мамлекет башчысынан аталган жерлерге суу чыгаруу маселесин тездетип чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Анын айтымында, бул көйгөй менен буга чейин облустун жетекчилигине да кайрылышкан, бирок иштер токтоп калган.
Райондун акими Нурлан Эшмукамбет уулунун маалыматына караганда, долбоор районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планына киргизилген.
“Учурда долбоордук-сметалык документтери даярдалып жатат. Каражат бөлүнгөндөн кийин иштер башталат”, - деди аким.