Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районунун Каргалык айылынын тургуну 1993-жылы көп балалуу жаран катары бөлүнгөн сарайды ушул күнгө чейин ала албай келет. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун район тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү.
Тургундун маалыматына ылайык, аталган объект ортодо башка адамга берилип кеткен. Ал 2017-жылдан бери маселени сот аркылуу чечүүгө аракет кылып келет.
Мамлекет башчысы алгачкы буйрук тургундун пайдасына чыкканын эске алып, документтерди кайра карап чыгып, сарайды анын жеке менчигине өткөрүп берүү маселесин чечүүнү тапшырды.
“Токтому жок болгондуктан, айыл өкмөттөр башка бир адамга чыгарып берип койгон. Алгачкы документти карап, биринчи ээсине чыгарып бергиле”, — деди президент.