Сингапурда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Коом
a404829b-a457-44cf-9335-f5677cb537a9.jpeg
05148ad9-d160-4af0-ba38-df7675135415.jpeg
04e44f08-94cd-4765-89ed-af9e87da63b8.jpeg
180ca8cf-a010-4de9-8f51-c45b30814d5c.jpeg
d44142dd-4bee-4451-8ea5-ced251e61843.jpeg
ee6d0346-c3e9-480d-bceb-4bae35d2e64b.jpeg
184edbd5-7e58-42ba-9455-95a4654d557b.jpeg
1d29e000-466a-4eed-9877-e5cdfa543696.jpeg
077c909d-2052-4c46-9a1f-b373a0d35e90.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Кыргызстан Сингапурда өткөн ITB Asia 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Visit Kyrgyz улуттук бренди алдында тааныштырды.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, көргөзмөгө кыргызстандык беш туристтик компания катышты. Делегация Түштүк-Чыгыш Азиянын туристтик бизнес өкүлдөрү жана потенциалдуу өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрдү.

Анда кыргызстандык туристтик кызматтарды эл аралык рынокто жайылтуу, чет өлкөлүк туроператорлор менен өнөктөштүктү өнүктүрүү жана биргелешкен туристтик маршруттарды түзүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандын улуттук стендинде Тянь-Шань тоолору, бийик тоолуу көлдөр, жөө жана атчан саякат, треккинг, альпинизм жана этномаданий туризм багыттары көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө катышуу өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келүүчү туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.