Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев 23-октябрда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Карл Скау менен жолугушту.
Ведомтсводон маалымдашкандай, тараптар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, мектептеги тамактануу программаларын кеңейтүү, калктын аялуу катмарларын колдоо жана тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Асеин Исаев Кыргызстандын БУУнун ДАТП менен кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө даяр экенин билдирип, Карл Скауну 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган ”Бишкек+25“ Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашты.