Асеин Исаев КМШ ТИМ кеңешинин жыйынына катышты

Коом 8 октябрь 2026 12:20
IMG-20261007-WA0037.jpg
IMG-20261007-WA0036.jpg
IMG-20261007-WA0035.jpg
IMG-20261007-WA0033.jpg
IMG-20261007-WA0038.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20261007-WA0037.jpg
IMG-20261007-WA0036.jpg
IMG-20261007-WA0035.jpg
IMG-20261007-WA0033.jpg
IMG-20261007-WA0038.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Күн мурун Түркмөнстандын "Аваза" улуттук туристтик аймагында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, өз сөзүндө тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев КМШга мүчө мамлекеттерге Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында болуп өткөн 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдогондугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Ал Кыргызстан БУУнун Уставына ылайык жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо максатында жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчиликтүү аткарууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле 2025–2026-жылдардагы Шанхай Кызматташтык Уюмундагы Кыргыз Республикасынын төрагалыгын колдогондугу үчүн КМШ өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, мамлекеттердин жогорку деңгээлде өкүлчүлүк жасаганын жана тилектештигин белгилеп өттү.

КМШга мүчө мамлекеттердин делегацияларынын мамлекет башчылары жана спортчулары менен бирге Бишкек шаарында өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышкандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирилди. А.Исаев Кыргыз Республикасы үчүн досторду жана өнөктөштөрдү кабыл алуу чоң сыймык болгонун белгилеп, мындай иш-чаралардын элдердин ортосундагы гуманитардык жана маданий байланыштарды бекемдөөдөгү маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө отурумдун катышуучулары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле КМШнын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар туруктуу саясий диалогду сактоонун, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана Шериктештиктин потенциалын ага катышкан мамлекеттердин кызыкчылыктарында мындан ары да натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Отурумдун жыйынтыгында тиешелүү макулдашууларга жетишилип, документтердин долбоорлору жактырылды, аларды КМШнын жогорку органдарынын кароосуна андан ары киргизүү чечими кабыл алынды.