Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүүдө.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Бул жалпы айдоо аянтынын 34,7 пайызын түзөт.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылы кант кызылчасы 13,4 миң гектар аянтта өстүрүлүп, жалпы 538,9 миң тонна түшүм алынган. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 401,9 центнерди түзгөн. Быйыл кант кызылчасынын айдоо аянты өткөн жылга салыштырмалуу 11,9 пайызга азайган.
Алдын ала болжолдорго ылайык, быйыл кант кызылчасынын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 600 центнерге чейин жетип, жалпы түшүм 700–710 миң тоннага чейин жетери күтүлүүдө.