Өлкөдө күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү кызуу уланууда

Коом 18 сентябрь 2026 17:50
copyright icon WWW

Бишкек, 18.06.26 /Кабар/. Күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү республика боюнча кызуу уланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын өлкө боюнча жүз миңдеген гектар жерге дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жашылча-жемиштер жана картошка эгилет. Учурда аймактарда дыйкандардын катышуусунда бардык зарыл техникалар тартылып, түшүмдү жоготуусуз жана өз убагында жыйнап алуу иштери уюшкандыкта жүргүзүлүүдө. Мамлекет тарабынан дыйкандарга күйүүчү-майлоочу майлар, жеңилдетилген насыялар жана заманбап айыл чарба техникалары боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатат.

"Бул дыйкандын эрте жаздан башталган түйшүгү менен маңдай теринин үзүрү. Топуракка үрөн салып, күн ысыгына жана суугуна карабай эмгектенген дыйкандын мээнети бүгүн мол түшүм болуп кайтып келүүдө. Ар бир талаадагы эмгек акталып, кампалар данга толсун, ал эми түшүм берекелүү болсун. Дыйкандын маңдай тери өз үзүрүн берип, алардын эмгеги бүтүндөй элге береке алып келсин",-деп айтылат билдирүүдө.