Бишкек, 11.10.26 /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда 2021-жылдан 2026-жылга чейин 143 ишкана ачылып, 2 124 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу райондун акими Асылбек Женишбек президент Садыр Жапаровдун район тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын өзүндө райондо 36 жаңы ишкана пайдаланууга берилген. Алардын катарында автоклавдык газоблок өндүрүүчү "Мега Газблок КейДжи" заводу бар.
Тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 1,2 млрд сомду түздү.
Ошондой эле берилген маалыматтарга ылайык, өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн сомдон 864,6 млн сомго чейин өскөн. 2026-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 1 млрд 50 млн сомго жеткирүү күтүлүүдө.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысына аймакта жүргүзүлүп жаткан иштер жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат берилди.