Президент Кулунду айылында заманбап оорукана курууну тапшырды

Аймак 12 октябрь 2026 09:25
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Баткендин Кулунду айылында 120 орундуу заманбап оорукана салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Лейлек районунун жана Баткен районунун тургундары менен жолугушканда белгилүү болду.

Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири мамлекет башчысына аймактагы оорукана көйгөйүн айтып кайрылган.

Президент жеринде саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновго тиешелүү тапшырма берип, курулуш иштерин курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жүктөдү.

Мамлекет башчысы курулушту январь айында баштап, кийинки жылдын 31-августуна чейин оорукананын имаратын пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Эске салсак, мамлекет башчысы түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушкан. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.