Эскалатордон кулаган бала сакайып, ооруканадан чыкты

Ден соолук 13 сентябрь 2026 11:00
IMG_3217.jpeg
IMG_3216.jpeg
IMG_3215.jpeg
IMG_3214.jpeg
IMG_3213.jpeg
IMG_3212.jpeg
IMG_3218.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3217.jpeg
IMG_3216.jpeg
IMG_3215.jpeg
IMG_3214.jpeg
IMG_3213.jpeg
IMG_3212.jpeg
IMG_3218.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 13.09.26. /Кабар/. Бишкектеги соода борборлорунун биринде эскалатордун 2-кабатынан кулаган бала күн мурун, 12-сентябрда сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, беш жашар А.Б. аттуу бала оор абалда 11-августта Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына келип түшкөн.

Бир айга созулган дарылоо жана дарыгерлердин тынымсыз аракетинен кийин оор жаракат алган бала кайрадан басып, сүйлөп калды.

Бала ооруканадан чыгар алдында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов анын абалынан кабар алды. Ошондой эле баланын өмүрүн сактап калууга салым кошкон дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирди.

Министр реанимация бөлүмүндө дарыланып жаткан башка балдардын да абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, бала ооруканага баш мээнин оор жаракаты, баш сөөгүнүн сыныктары, мээнин шишиги, сол жак төбө бөлүгүндөгү эпидуралдык гематома жана башка оор жаракаттар менен түшкөн.

Бейтап эс-учун жоготкон өтө оор абалда болгондуктан, нейрохирургдар тарабынан шашылыш операция жасалган.