Бишкек, 25.11.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук фтизиатрия борборуна барып, бейтаптардын дарылануу шарттарын, ошондой эле медициналык мекеменин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттарга, зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнө жана көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапатына өзгөчө көңүл бурду.
Бейтаптар өздөрүнө керектүү дары-дармектерди акысыз алып жатышканын белгилеп, борбордогу тазалыкка, жылуулукка жана шарттарына оң баа беришти.
Мекеменин жетекчилиги министрге инфраструктураны жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, борбордун аймагындагы тротуарлардын жабуусун жана отургучтарды жаңылоо, лифтти алмаштыруу, ошондой эле айрым бөлүмдөрдө оңдоо иштерин жүргүзүү каралган.