Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарынын 950 кожолугу таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор аркылуу 30 метр тереңдиктен артезиан суусу чыгарылып, аны сактоо үчүн жалпы көлөмү 1 миң куб метрди түзгөн эки суу сактагыч курулат. Ар биринин сыйымдуулугу 500 куб метрди түзөт.
Ошондой эле сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук жабдуу орнотулуп, 26 чакырым суу түтүгү тартылды.
Долбоор ишке кирсе, эки айылдын 950 кожолугу таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот.