Сокулукта муниципалдык суу ишканасы түзүлөт

Коом 21 Август 2026 16:15
375919.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда "Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын биринчи фазасы ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушту таза ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтары менен камсыздоого багытталган.

Программанын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.

Бүгүн Чүй облусунун Сокулук районунда ичүүчү суу жана саркынды суу кызматтарын көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкана түзүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Мындай ишканалар өлкөнүн 8 районунда түзүлөт.

Жыйында жаңы ишканалардын иштөө модели, каржылоо механизмдери жана суу менен камсыздоо системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө тартиби талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында Сокулук райондук кызмат көрсөтүүчү ишкананы түзүү колдоого алынып, тиешелүү документтерди даярдоо жана анын ишин уюштуруу боюнча чечимдер кабыл алынды.