Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Исламабад шаарында Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Экономикалык кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 30-жыйынынын алкагында орун алды.
Анын жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы болуп өткөн сапарлардын алкагында жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.
Мындан тышкары, Кайрат Турсункулов Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Асим Ифтихар Ахмад менен жолугушту.
Тараптар соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн кеңири талкуулашып, анын кезектеги жыйынын 2027-жылдын биринчи жарымында өткөрүү боюнча пландарды белгилешти. Ошондой эле жакынкы мезгилде жогорку деңгээлде пландаштырылган эки тараптуу байланыштар жана алардын мазмундук жагын толуктоо маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле энергетика, айыл чарба, фармацевтика жана санариптештирүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү маселелерине бурулду. Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнүн келечегин карап чыгышты.
Эки өлкөнүн жетекчилиги тарабынан өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча коюлган милдетти ишке ашыруунун алкагында транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара соода жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Кайрат Турсункулов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын (NLC) башкы директору, генерал-майор Фаррух Шахзад Рао менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен логистикалык долбоорлорду өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Пакистанды байланыштырган транспорттук каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору жана уюмдарынын ортосунда мазмундуу байланыштарды улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.