Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулады

Саясат
Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулады
Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулады
Алдыга
Артка
Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулады
Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулады
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Брюссель шаарында тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин жетекчи өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Европа кеңешинин президентинин Борбордук Азия боюнча дипломатиялык кеңешчиси Мэрилин Йозефсон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы жигердүү саясий диалогду сактоонун маанилүүлүгүн белгилешип, алдыдагы эки тараптуу иш-чаралардын жана жогорку деңгээлдеги сапарлардын графигин талкуулашты.

Ошондой эле Медер Абакиров Европа тышкы аракеттер кызматынын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу — башкаруучу директорунун орун басары Аудроне Перкаускене менен жолугушту.

Анда кыргыз-европалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылып, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетип, практикалык байланыштарды кеңейтүү жолдорун талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар ар кандай форматтарда үзгүлтүксүз диалогду улантууга жана Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.