Касымалиев: Кыргызстан үчүн СПЕКА өлкөлөрү менен алака өзгөчө мааниге ээ

Саясат
Касымалиев: Кыргызстан үчүн СПЕКА өлкөлөрү менен алака өзгөчө мааниге ээ
copyright icon Министрлер кабинети

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын СПЕКАдагы төрагалыгы өзгөчө орунду ээлейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) экономикалык форумунда билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан төрагалыгын жөн гана эл аралык функцияларды аткаруу катары эмес, региондук кызматташтыктын жаңы сапатын калыптандырууга өз салымды кошуу мүмкүнчүлүгү катары карайт.

“СПЕКА өлкөлөрү үчүн өз ара байланыш маселелери өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстан бул багытта ырааттуу иш алып барууда, жана бүгүн биз конкреттүү чаралар жана жыйынтыктар жөнүндө айта алабыз. Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылды. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу активдүү жүрүп жатат, бул жүктөрдү ташуу мөөнөттөрүн кыскартууга, регионубуздун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана СПЕКА өлкөлөрү менен тышкы базарлардын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого көмөктөшөт”, - деди минкаб жетекчиси.