Кыргызстан СПЕКАнын фондуна 1 млн доллар өлчөмүндө салым кошту

Экономика
Кыргызстан СПЕКАнын фондуна 1 млн доллар өлчөмүндө салым кошту

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстан СПЕКАнын фондуна 1 млн доллар өлчөмүндө салым кошту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) экономикалык форумунда билдирди.

Жыйында БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана

Кыргызстандын СПЕКАнын көп өнөктөштүү трасттык фондуна 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө салым кошкондугуна ыраазычылыгын айтып, бул өлкөнүн программаны колдоого умтулуусун жана анын келечегине болгон ишенимин көрсөтөрүн белгиледи.