Кыргызстан жана Венгрия соода-инвестициялык кызматташтыкты тереңдетет

Саясат
Кыргызстан жана Венгрия соода-инвестициялык кызматташтыкты тереңдетет
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Габор Ференц Надь менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө өз ара умтуларын ырастап, эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, биргелешкен демилгелерди практикалык жүзөгө ашырууга, ошондой эле инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Маектин соңунда тараптар бардык белгиленген пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууга даяр экенин ырасташты.