Венгер маданияты Сүрөт музейинде: Жомок дүйнөсүнө саякат

Маданият
Венгер маданияты Сүрөт музейинде: Жомок дүйнөсүнө саякат
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/ Эртең, 28-октябрда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган "Венгер эл жомоктору" анимациялык сериалынын иллюстрациялар көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Көргөзмө венгер элинин элдик жомокторун, каада-салтын жана маданий мурасын анимация искусствосу аркылуу таанытууга багытталган. Келүүчүлөр сериалдын көркөм кадрлары менен таанышып, мажар фольклорунун өзгөчөлүктөрүн жана анын көркөм дүйнөсүн көрө алышат.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-ноябрында саат 14:30дан 17:30га чейин музейдин кинозалында венгер анимациялык фильмдеринин көрсөтүүсү уюштурулат. Программага XX кылымдагы мажар анимациясынын белгилүү өкүлдөрүнүн чыгармалары киргизилген.

Фильмдер субтитрсиз жана дубляжсыз көрсөтүлөт.

Көрүүчүлөргө визуалдык баяндоого жана көркөм образдарга негизделген анимациялык чыгармалар сунушталат.