Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаев 12-июнда Венгриянын вице-премьер-министри - тышкы иштер министри Анита Орбан менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушуу Венгриянын тышкы саясий ведомствосунун көп тараптуу диалогунун алкагында өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери да катышты.
Иш-чарада стратегиялык өнөктөштүктүн, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды.
Тараптар өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгилеп, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгынын алдында эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Эрлан Абдылдаев Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мамилелер стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгиледи. Ошондой эле Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу, Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы жана Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого Венгриядан байкоочулардын катышуусу маселелерин көтөрдү.
Өз кезегинде Анита Орбан Венгрия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы көп тараптуу диалогду мындан ары тереңдетүү үчүн прагматикалык мамиленин жана өз ара пайдалуу аймактык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.