Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Венгрияда электр чыгырыктарынын катышуусундагы кырсыктардын саны бир жылдын ичинде 73 пайызга көбөйгөн. Буга байланыштуу өлкөдө эрежелерди катаалдаштыруу зарылчылыгы чыкты, деп билдиришүүдө жергиликтүү басылмалар.
Маалыматтарга караганда, жакын арада Венгрия өкмөтү электросамокаттарды колдонууга карата эрежелерди катаалдаштырат. Алсак, 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө максималдуу ылдамдыгы 25 км/саат болгон самокаттарды гана тебүүгө уруксат берилет. Андан тышкары, алар башына туулга кийүү милдеттендирилет.
Ошондой эле тез жүрүүчү электр самокаттары үчүн жок дегенде мопед күбөлүгү менен бирдей деңгээлдеги айдоочулук укук болушу керек. Дагы бир эреже боюнча аларга тротуарларда жүрүүгө тыюу салынат.
Венгриянын премьер-министри Питер Мадьярдын отчетуна ылайык, өкмөт бул транспорт түрүнүн ылдамдыгын саатына 20 км менен чектөөнү пландаштырууда.
"Өкмөттүн сунушуна ылайык, электросамокаттар жол кыймылынын эрежелеринде өзүнчө категориядагы транспорт каражаты болуп калат жана аларга карата атайын эрежелер колдонулат. Аларды мас абалында колдонууга, экинчи адамды алып жүрүүгө жана башкаларга тыюу салынат", - деп билдирди Питер Мадьяр.
Премьер-министр документти бекитүүдөн мурун коомдук талкууга коюларын убада кылды.