Япония табигый кырсыктарды башкаруу үчүн улуттук агенттик түздү

Дүйнө
Япония табигый кырсыктарды башкаруу үчүн улуттук агенттик түздү
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Япония өкмөтү кырсыктын кесепеттерин жоюу чараларын координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча жаңы түзүм ачылганын жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү Киодо маалымат агенттиги билдирүүдө.

Штаб-квартирасы Токиодо жайгашкан Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттик жергиликтүү бийлик менен кызматташууну бекемдөө жана табигый кырсыктарга, анын ичинде болушу мүмкүн деген күчтүү жер титирөөлөргө натыйжалуу чара көрүү үчүн аймактык борборлорду түзөт.

Агенттик премьер-министр Санае Такаитинин түздөн-түз жетекчилиги алдында иштейт. Япониянын министрлер кабинетинин катчысы Минору Кихара пресс-конференцияда жаңы структураны табигый кырсыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик министр Гоши Хосоно жетектей турганын билдирди.

Жаңы түзүмдүн масштабы жер титирөөлөр менен гана чектелбестен, жаан-чачындар жана вулкандардын атылышы боюнча да иштерди камтыйт. Ошондой эле аталган мекеме кырсыктан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө милдеттендирилди. Иш 2024-жылы жер титирөө болгон Ното жарым аралында жана ушул жылдын июль айында 7,1 баллдык жер силкинүүдөн жапа чеккен Кумамото префектурасында башталат.

Агенттик ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарында көбөйүп жаткан суу каптоо коркунучуна артыкчылык берет. Токиодон анча алыс эмес Чиба префектурасында августта нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин бул маселенин зарылдыгы дагы бир жолу баса белгиленди.