Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда күнүнө 800 тонна таштандыны кайра иштетип, электр жана жылуулук энергиясын өндүрө турган комплекс куруу сунушталууда.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, долбоордун болжолдуу наркы 95 млн долларды түзөт. Бул маселе бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун Кытайдын CECEP компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды.

Белгиленгендей, комплексти Манас шаарына же Сузак районуна жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Биринчи этапта ишкана суткасына 800 тонна, жылына болжол менен 292 миң тонна таштандыны кайра иштетүүгө ылайыкталат.
Келечекте анын кубаттуулугун суткасына 2 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Долбоордун акыркы параметрлери техникалык-экономикалык негиздеме жана экологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталат.
Жолугушуунун соңунда тараптар долбоорду биргелешип иштеп чыгууну жана зарыл болгон изилдөөлөрдү улантууну макулдашты.