Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Баткендин "Тазалык" муниципиалдык ишканасына айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Баткен шаарындагы таштанды таштоочу жайга жакын аймакта таштандылардын өрттөлүп жатканы боюнча кароо жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысын аныкталды. Натыйжада "Тазалык" муниципиалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндөгү кодексине ылайык 23 миң сом айып салынды.
Белгиленгендей, Баткен шаардык мэриясы тарабынан шаардын таштанды таштоочу полигонунда көзөмөлдү күчөтүү максатында күзөт постун коюу жана видеокөзөмөл орнотуу, таштандыларды өз убагында тазалоо жагы милдеттендирилди.