Ошто курулуш материалдарын чыгарган ишканага 200 миң сом айып салынды

Аймак
Ошто курулуш материалдарын чыгарган ишканага 200 миң сом айып салынды
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.10.26 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ленин-Бак айылынын түштүк тарабында курулуп жаткан курулуш материалдарын өндүрүүчү объекттен мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, пландан тышкары текшерүү учурунда курулуш иштеринин долбоордук чечимдерден четтегени жана уруксат берүүчү документтердин толук эместиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында объекттин ээсине 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берилди.