Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын аймактарында өткөрүлгөн ыкчам рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкарган жарандар аныкталды.
Жаратылыш министрлигинен билдиришкендей, аныкталган фактылар боюнча 11 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Мындан тышкары, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Рейддик иш-чаралар министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө" токтомунун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында өткөрүлдү",-деп айтылат маалыматта.