Ала-Арча суу сактагычында аңчылык эрежелерин бузган жаран аныкталды

Коом
Ала-Арча суу сактагычында аңчылык эрежелерин бузган жаран аныкталды
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Ала-Арча суу сактагычынын аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда пневматикалык куралы бар, аңчылык эрежелерин бузган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандын жанынан калибри 4,5 мм болгон пневматикалык курал табылган. Бул факт боюнча протокол түзүлүп, мыйзам бузган жаранга 12 миң 500 сом айып салынды.

Рейддик иш-чараны Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаардык жана Аламүдүн райондук аймактык башкармалыгынын инспекторлору жүргүзгөн.