Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддер өткөрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө унаалардын, ишканалардын жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу боюнча экологиялык талаптарды сактоосу текшерилди.
Рейддердин жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 6 протокол түзүлүп, жалпы 45 миң сом айып пул салынды.