Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында заманбап транспорттук-соода логистикалык комплексин куруу долбоору башталды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн комплекстин пайдубалына капсула салынды.
Долбоор Кургак-Сай участогундагы 13 гектар жерге жайгашып, инвестициянын көлөмү болжол менен 3 млрд сомду түзөт. Комплекс мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылат.
Долбоордун алкагында заманбап кампалар, соода аянттары, транспорт каражаттарын токтотуучу жана тейлөө жайлары, товарларды кабыл алуу, сактоо жана бөлүштүрүү үчүн логистикалык инфраструктура түзүлөт.
Комплекс ишке киргенде 3 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түзүү, соода-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүү пландалууда.