Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районунда бир катар саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты.
Атап айтканда, минкаб башчысы Беловодское айылындагы Москва районунун Жалпы медициналык практика борборуна барып, имараттардын абалын, ошондой эле мекеменин инфраструктурасы менен жабдууларын карап чыкты.
Анда Адылбек Касымалиев Чүй облусунун бардык райондорунда ооруканалардын жаңы имараттарын куруу пландалып жатканын, тактап айтканда, Москва районунда 100 орундуу жаңы оорукана имараты куруларын белгиледи. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Москва районундагы К. Сыданов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин абалы менен таанышты.
Мектептин негизги имараты 1970-жылы курулуп, 220 окуучуга ылайыкталган, учурда 590 бала билим алат.
Башталгыч мектептин имараты 1969-жылы 200 орунга ылайыкталып курулган, бирок учурда анда 460 окуучу билим алат. Имарат стандарттуу эмес долбоор менен курулган жана мурда бала бакча катары колдонулган. Мектепте окуу класстары жетишсиз, ошондой эле спорт залы, жыйындар залы жана китепканасы жок. Окуучулардын саны имараттын долбоордук сыйымдуулугунан кыйла ашып кеткендиктен, жаңы мектеп куруу зарылчылыгы келип чыгууда.
Таанышуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга жаңы мектеп куруу маселесинин үстүнөн иштөө тапшырылды.