Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Баткен шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин биринчи этабынын курулушу аяктоодо. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарынан тартып Баткен облусуна чейин 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүүдө. Ал эми жарандарды ипотекалык турак жай менен камсыздоо иштери башталгандан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 9 371 батир пайдаланууга берилген.
Жакында эле Бишкекте "Мурас" турак жай комплексинен 1104 үй-бүлө батирлүү болду.