Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. 2-3 айдын ичинде Түндүк – Түштүк темир жолунун жалпы багыты макулдашылып, бекитилгенден кийин, адистер темир жолдун кийинки тилкеси — Кочкор – Баш-Кууганды – Чаек – Макмал багыты боюнча деталдуу долбоорду иштеп чыгууга киришет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда адистер курула турчу темир жолдун багытын тактоо боюнча даярдык иштерин жүргүзүп жатышат. Маршрутту тандоодо айыл чарба жерлерин сактоо жана айдоо аянттарына зыян келтирбөө негизги артыкчылык болуп саналат.

"Ошондой эле инженерлер Кызарт ашуусунан өтүүнүн эки вариантын карашууда. Алардын бири – темир жолду ашуу аркылуу жер үстүнөн өткөрүү, экинчиси – туннель куруу", - деди ал.
Жумабаевдин айтымында, жалпы маршрут талкууланып, бекитилгенден кийин адистер жумушчу долбоорду иштеп чыгууга киришет.
Белгилей кетсек, Балыкчы – Кочкор темир жолунун биринчи этабы быйыл толугу менен аяктап, пайдаланууга берилүүдө. Келечекте темир жол Макмал станциясына чейин узартылып, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жолу менен туташат. Натыйжада өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген бирдиктүү темир жол тармагын түзүү пландалууда.