Оштогу эки курулушта мыйзам бузуулар аныкталды

Аймак
Оштогу эки курулушта мыйзам бузуулар аныкталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объекттерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көзөмөлдөө иштеринин алкагында Араван айылындагы Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу медициналык борбордун жана Алай районунун Гүлчө шаарындагы Нарматов көчөсүндө курулуп жаткан дүкөндүн курулушу текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды.

Медициналык борбордун курулушунда бекитилген долбоордо каралбаган кошумча курулуш иштери жүргүзүлгөн. Ал эми дүкөндүн курулушунда тиешелүү уруксат берүүчү архитектуралык документтер толук эмес экени белгилүү болду.

Натыйжада медициналык борбордун курулушуна жооптуу "Дельта-Лот" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, курулуш иштерин бекитилген долбоорго ылайык келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

Ал эми дүкөндүн курулушу тиешелүү уруксат берүүчү документтери толукталганга чейин убактылуу токтотулду.