Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Алайкуу өрөөнүндө Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолун куруу жана жаңылоо иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 138 чакырымды түзгөн жолдун буга чейин 72 чакырымы асфальтталган.
Учурда 54,4 чакырымында курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 24,5 чакырымында асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата аталган тилкенин 6 чакырымы асфальтталды.
Ошондой эле кооптуу тилкелерге темир-бетон тосмолор коюлуп, суу жана сел өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда.
Мындан тышкары, атайын техникаларды сактоо үчүн үч ангар курулду.