Сокулукта жаңы ипподромдун курулушу башталды

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.11.26. /Кабар/. Сокулукта Улуттук ат спорту комплексин куруу долбоору ишке ашырылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, долбоордо ат чабыш жана ат жарыштарынын башка түрлөрүн өткөрүү үчүн 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром, ошондой эле көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган 25 миң орундуу өзүнчө арена куруу каралган.

Комплекстин жалпы аянты 114 гектарды түзөт. Долбоордо заманбап мелдеш жана машыгуу аянтчаларын, көрүүчүлөр үчүн трибуналарды, жылкыларды багуу жана тейлөө үчүн зарыл болгон инфраструктураны, ветеринардык жана административдик имараттарды, ошондой эле эс алуу, соода-сатык, туристтик жана унаа токтотуучу жайларды куруу каралган.

Курулуш жүргүзүлө турган жер тилкеси Сокулук районундагы Белек айылына жакын жайгашкан.

Мэр Айбек Жунушалиев долбоор менен таанышып, комплекстин курулушу пландалган аймакты жеринен көрүп чыкты.

Мэр жердин үстүңкү бөлүгүн жашылдандырууга жана сейилдөөчү жайларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында жер алдындагы унаа токтотуучу жай куруу маселесин карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле ал курулуш иштери менен катар жанаша жайгашкан аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү — канализация, жылытуу тутумдарын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин да чечүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, мэр долбоорду иштеп чыгууда шаар куруу боюнча бардык талаптарды эске алууну, аймакты жетиштүү деңгээлде жарыктандырууну камсыз кылууну жана учурдагы жашыл бак-дарактарды мүмкүн болушунча сактап калууну тапшырды.

Ошондой эле ипподромдогу көрүүчүлөр үчүн орундардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдети коюлду.